Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Бишкекте абанын булганышын азайтууга тапшырма берилди


Бишкек жылуулук борбору. (Архив)
Бишкек жылуулук борбору. (Архив)

Премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасы Айбек Калиевге "Бишкек жылуулук электр борборунан чыккан түтүн абаны булгап жатат" деп айтылган сындарды карап, абалды жөнгө салууну тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Исаков башкалаа тургундарынын Бишкектеги абанын булгануусу боюнча сын-пикирлери адилеттүү экенин айткан.

Калиевдин маалыматына караганда, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорунун алкагында түтүн газдарын тазалоочу жаңы блоктор курулган. Түтүн газдарынан тазалоо тутуму эл аралык стандарттарга шайкеш. Ошол эле маалда эски от казан агрегаттарынын абага зат бөлүп чыгышын азайтыш үчүн иликтөөлөрдү жүргүзүү жана түтүндү кошумча тазалоо боюнча долбоор иштеп чыгуу зарыл.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Соңку кезде борбордун асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте жарыяланган. Активисттер жана жашоочулар абанын булганышынан ар кандай оорулар көбөйүп кеткенин жазып жатышат. Маселе өткөн аптада парламентте да көтөрүлгөн.

Кытай өкмөтүнүн каржылык жардамы менен Бишкек жылуулук борбору былтыр жаңыланган эле. Шаарда абанын булганышына эски автоунаалардын көбөйүшү да түрткү болгону айтылып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG