Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:51

Жетекчисин жемкорлук боюнча айыптаган дарыгерлер митингге чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 60ка жакын кызматкери Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар бейтапкананын жетекчиси Айдарбек Шакировду жемкорлук боюнча айыптап, аны кызматтан алуу талабын коюшту. Дарыгерлердин бири Жибек Өмүрзакованын айтымында, Шакиров кызматкерлердин ар биринен ай сайын миң сомдон беш миң сомго чейин салык чогултуп келген жана тендерлерди мыйзамсыз өткөргөн.

Нааразы тарап Айдарбек Шакировду жетекчи болгон 9 айдан бери 102 кызматкер мыйзамсыз иштен бошотулганын, салык төлөөдөн баш тарткандары кысымга кабылганын айтууда.

Нааразы дарыгерлер менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жолугушуп, Айдарбек Шакировду кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгонун, жемкорлук боюнча кинелерге тиешелүү органдар баа бериши керек экенин билдирди.

Айдарбек Шакиров бул дооматтар боюнча түшүндүрмө бере элек.

Фучик көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 400гө жакын врач жыл сайын 110 миңге жакын бейтапка медициналык жардам көрсөтөт. (KE/UEz)

XS
SM
MD
LG