Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Депутат Жамалдиновдун үйүнөн курал уурдалды


Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районунун Жал айылындагы үйүнөн мергенчилик эки курал жоголду. Бул тууралуу депутат өзү “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Шартка байланыштуу өзүмдүн туулган айылым Жалдагы үйдө убактылуу эч ким жашачу эмес. Анан Кызыл-Кыяда жашаган агам барып, кабар алып турчу. 5-январь күнү барса эшикти бузуп, ууру кириптир. Карап чыкса, ок атуучу эки куралды уурдап кетишиптир. Куралдар - кадимки эле аңчылык мылтыктар. Лицензиясы, уруксат кагаздары бар, мага расмий катталган. Анан дароо эле арыз жазганбыз. Азыр милиция иликтөө жүргүзүп жатат.

Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы да ырастап, окуя боюнча Ноокат райондук милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тактоо жана ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Куралдардын үлгүсү "Сайга МК" жана "ТОЗ-34 экенин күч кызматтары ырастады.

Зиядин Жамалдинов - Жогорку Кеңеште “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын депутаты. (ErN)

XS
SM
MD
LG