Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Салянова сотко келбесе баш коргоо чарасы өзгөрөрү эскертилди


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Депутат Аида Салянованын Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан иши 9-январга жылды. Буга Салянованын ооруп жатканы себеп болду. Жактоочу Чынара Жакупбекова Аида Салянова 4-январдан 9-январга чейин ооруканада текшерүүдөн өтөрүн тастыктаган кагазды көрсөттү. Бирок судья Ирина Воронцова Салянова ооруканада жатпаганын, жөн гана текшерүүдөн өтүп жатканын жүйө кылып, кийинки отурумга келбесе мажбурлоо менен алып келүүгө аргасыз болорун эскертти. Судья мындан сырткары Салянованын үй камагында экенин эске салып, ал камактын шарттарын буза берсе баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси көтөрүлөрүн кошумчалады.

Салянованын дагы бир адвокаты Таалайгүл Токтакунова Салянова 30-декабрда өзүн жаман сезип, Чүй облустук ооруканасына кайрылганын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен жүрөгү ооруганы аныкталып, аны ооруканага жаткыруу боюнча чечим кабыл алынганын айткан. “Ооруканага дароо жатыш керек экенин айтышты. Бирок кичинекей баласы болгонуна байланыштуу жаңы жылдан кийин жатат", - деген Токтакунова.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимде депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй тургандыгы жазылган.

Ага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт.

Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. (UEz)

XS
SM
MD
LG