Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Кара-Кечеде көмүр ташыгандар көмүрдүн баасы боюнча өкмөткө талап коюшту


Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

Кара-Кече кенинен көмүр ташыган айдоочулар Нарын облусунун Кочкор райондук администрациясында чогулуп, жергиликтүү бийлик менен өкмөткө бир катар талаптарды коюшту. Бул тууралуу айдоочулардын бири Жолдошбек Абдыкасымов билдирди.

Анын айтымында, жүк ташуучу автоунаалардын ээлери Кара-Кечеде узун кезекке туруп, кыштын күндөрү талаада түнөп, көмүр ташып келип жатканы өзүн актабай жатат. Ошол себептүү алар Кара-Кече кенинен көмүрдүн тоннасын 1100 сомдон жүктөө тартибин киргизүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, учурда көмүр 1200-1300 сомдон салынат жана ташып келүү акысы менен сатууга келгенде айдоочуга көп акча калбай калат. Айдоочулар ошондой эле көмүр кенине кеткен жолдорду оңдоону, кезек күтүүнү иретке салууну жана ТЭЦке көмүр алуу тендерин ачык-айкын өткөрүүнү талап кылышты.

Нааразылык билдирген айдоочулар менен өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, “Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Надырбек Бекжанов жолугуп, алардын суроолоруна жооп беришти. Кайыпов көмүрдү жүктөө баасы Монополияга каршы агенттик бекитилген тартип боюнча гана берилерин, ал өзгөртүлбөй турганын айтты. Ал эми Бекжанов кезек күтпөш үчүн Кара-Кече кенине тартип киргизилерин айтып, кошумча таразаларды коюп берүүгө убада берди. Өкмөт өкүлдөрү Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргендиктен ТЭЦке көмүр алуу 2800 сомдон бекитилгенин жана тендер өкмөттүн сайтында ачык-айкын эле жарыяланып жатканын билдиришти.

Кара-Кече көмүр кени жыл сайын 350 миң тонна көмүр өндүрөт. Нарында көмүр азыр 3500-4000 сомдон сатылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG