Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

Түркияда кабат үйдөн кулаган кыргызстандык аял жардамга муктаж


Кырсыкка кабылганы айтылган аял.
Кырсыкка кабылганы айтылган аял.

Кыргызстандык аялдын Түркияда 2-кабаттан кулап, жардамга муктаж болуп жатканы тууралуу Интернетте тараган маалыматты Антальядагы диаспора өкүлдөрү тастыкташты. Маалыматка ылайык, 50 жаштардагы кыргызстандык Айнура аттуу аял Антальянын Финике аймагында 2-кабаттын балконунан кулап түшкөн. Анын жамбаш сөөгү сынып, колу-бутунан жарака кеткен.

Диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, жабыркаган аял азыр Финике мамлекеттик ооруканасында жатат. Ага жардам берчү тууганы жок болгондуктан Антальядагы диаспора аны чыгарып кетүүгө үй издеп жатат. Айнура Антальяда карыган кишилерди багып иштеп жүргөнү айтылууда.

Бүгүн, 8-январда Халит Мерт аттуу түрк жараны "Facebook" барагына кыргызстандык аял жардамга муктаж экенин жазган. Ал 50 жаштагы аял 3-январда 2-кабаттан кулап түшкөнүн кошумчалаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG