Казакстандын мурдагы экономика министри, азыр соттолуп жаткан Куандык Бишимбаев өлкө президенти Нурсултан Назарбаевден кечирим сураганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
- Мен тааныган, мен ишке чакырган адамдар - Жаксыбаев, Жакупов жана башкалар мени уятка калтырышты. Бул үчүн өлкө башчысынын алдында жооптуумун. Президенттин ишеничин актабаганым үчүн уятым жанга батып турган кези. Кадр тандоодо жаңылып, мени жана ишеничимди колдонуп кеткен адамдарды жакындатып алыпмын. Мамлекет башчысынан жана бардык элибизден бул үчүн кечирим сурайм, - деди Бишимбаев 8-январда кезектеги сот жараянында.
Бирок ал айыптоо актында жазылгандар боюнча өзүн күнөөлүү деп эсептебесин айтып жатат.
37 жаштагы мурдагы министр 2017-жыл январда камакка алынган. Ал "министрликтен мурда "Байтерек" холдингин жетектеп турганда Кызылордо шаарындагы айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн миллиарддаган теңгени уурдаган жана коррупциялык схема түзгөн" деп айыпталууда.
Аны менен кошо дагы "Байтеректеги" жетекчи кызматтарда иштеген Бахыт Жаксыбаев, Аслан Жакупов баштаган 22 киши соттолуп жатат.