Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 05:33

Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча иш сотко өттү


Темир Жумакадыровду акыркы сапарг узатуу. 9-октябрь, 2017-жыл.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров ажал тапкан жол кырсыгына байланыштуу иш сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын чоо-жай териштирилип бүтүп, Москва райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдыбар жолунда жол кырсыгынан каза болгон. Жумакадыров президенттик шайлоого Талас облусунун даярдыгын текшериш үчүн бараткан. Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов каза тапкан эле. Жол кырсыгына күнөөлүү экени айтылган КамАЗдын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, тергөө абагына камалган. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG