Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Трамп өзү тууралуу китепти начар фантастика катары баалады


“Өрт жана каар: Трамптын Ак үйүндө" китеби сатыкта.
“Өрт жана каар: Трамптын Ак үйүндө" китеби сатыкта.

АКШнын президенти Доналд Трамп өзү тууралуу чуулгандуу китеп боюнча пикирин билдирип, чыгарманы "өтө начар жазылган фантастика" деп баалады.

- Мен мыкты коллеждерге же коллежге бардым. Эң мыкты студент болгом. Миллиарддаган долларларды иштеп таап, алдыңкы бизнесмендердин бири болдум. Теледе 10 жылда ири ийгиликке жетиштим. Уксаңар керек, биринчи жолу президенттикке койдум жана жеңдим. Мени таптакыр билбеген бул жигитти ошондо уктум. Баса, ал менден интервью алган эмес. Ак үйдө мени менен үч саат маектешкенин айтыптыр. Андай болгон эмес. Бул анын ойлоп тапканы, - деди Трамп ишембидеги басма сөз жыйынында.

Андан бир күн мурда америкалык журналист Майкл Вулф “Өрт жана каар: Трамптын Ак үйүндө" аттуу китебин жарыкка чыгарган.

Автор анда Трамп президент болууну каалабаганын, анын талапкерлиги жөн гана жарнамалык өнөктүк болгонун жарыялаган. Мындан тышкары президенттин үй-бүлөсү, уулунун Орусия менен байланышы тууралуу пикирлер бар. Китеп Трамптын, анын айланасындагы адамдардын жана америкалык айрым аткаминерлерден турган 200 адамдын маегине негизделгени жазылган.

Автор китебинде айтылган маалыматтар акыры бул президентти Ак үйдөн кетирет деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG