Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

15 мамлекеттик органдын коомдук кеңештери шайланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15 мамлекеттик органдын коомдук кеңештеринин жаңы курамын шайлоо боюнча сынакка талапкерлерден документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.

Экономика министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин коомдук кеңештерине кошумча мүчөлөр кабыл алынат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун коомдук кеңештерине аялдар кабыл алынат. Аларга киргиси келгендер 15-январга чейин катталышы керек.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун коомдук кеңештеринин курамы толук жаңыланат. Аларга кирүүнү каалагандар 31-январга чейин документ жөнөтүшү керек.

Мүчөлүккө бир уюмдан тигил же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат. Коомдук кеңештин курамына кириш үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан көрсөтүлө, жарандар өзүн өзү да көрсөтүшү мүмкүн.

Бул сынак «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» мыйзамга ылайык өткөрүлүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG