Австралияда абанын табы 40 градустан түшпөй жатат. Ал тургай ири шаар Сиднейде жекшембиде 47,3 градуска чейин жетти. Жергиликтүү метеорологдор бул 1939-жылдан берки эң ысык күн экенин белгилеп жатышат.
Натыйжада өлкөнүн бир топ жерлеринде токойлорду өрт чалды. Акыркы маалыматтарга караганда 50 өрт очогу табылып, ал өлкөнүн үч штатында тургундарга коркунуч жаратууда.
- Такай эскертүүлөрдү берип жатабыз. Жагдай тез өзгөрүүдө. Ага жараша биз да убагында маалымат берип жатабыз. Өз коопсуздугуна байланыштуу туура чечим кабыл алыш үчүн жарандар кабардар болушу керек, - деди Виктория штатынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Крейг Лэпсли.
Адаттан тыш ысыктан улам электр энергиясын берүү, банкоматтардын, жол чырактарынын иши үзгүлтүккө учурады.