Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Рим Папасы Сирия, Корея, Иерусалим боюнча кайрылуу жасады


Рим Папасы Франциск
Рим Папасы Франциск

Рим Папасы Франциск жылдык кайрылуусунда дүйнө өлкөлөрүн Корей жарым аралында жана Сирияда ишенимди калыбына келтирүү үчүн бирдиктүү аракеттерди жасоого чакырды.

"Учурдагы талаштарды чечүү жолун таап, эки тараптуу ишенимди өнүктүрүп, корей жана дүйнө элинин тынч келечегин камсыздоо үчүн Корей жарым аралындагы кандай гана сүйлөшүү аракеттери болбосун колдоо өтө маанилүү", деди понтифик 180 өлкөнүн элчилеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык сыноолорунан улам өткөн жылы аймакта абал өзгөчө чыңалды. Бирок январдан тарта сүйлөшүү аракеттери башталды. Ошондой эле Папа Сириядагы жагдайды жөнгө салып, качкындардын үйүнө кайтышы үчүн эл аралык коомчулукту жардам берүүгө чакырды. Ал АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору катары таанышына түз кайрылган жок. Бирок талаштуу ал шаардын азыркы абалын урматтоого чакырып, шаар мусулман, христиан жана иудейлер үчүн ыйык экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG