Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:18

Газ менен жүрүүчү автобустар жайдан тартып алып келинет


Бишкек. (Архив)
Бишкек. (Архив)

Бишкекке газ менен жүрүүчү автобустар ушул жылдын экинчи жарымында алып келинет. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы автобустарды сатып алуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууну максат кылат.

Автобустарды алуу тууралуу меморандумга декабрда орусиялык “Газпром Кыргызстан”, “Газпромбанк” , “Эксар” ишканаларынын, Бишкек мэриясынын жана Социалдык фонддун өкүлдөрү кол койгон. Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия "Газпромбанктан" 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 миллиард сом насыя алат. Ар бир автобустун баасы 10 миллион сомдун тегерегинде болору айтылууда.

Бирок Бишкекти толук камсыз кылууга 700гө жакын автобус талап кылынат. 350 автобус он бир каттамды гана тейлей алат.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Буга эски автоунаалардын көбөйүшү да түрткү болгону айтылып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG