Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:30

Чукул билдирүү: 11-12-январда ызгаар болот


Бишкек.
Бишкек.

11-12-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында маал-маалы менен кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 11-12-январда электр зымдарына жана бак-дарактарга суу кар жабышат. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Ошол күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -12, Ош, Жалал-Абад, Баткенде -8, Нарында -23 жана бийик тоолуу аймактарда -32 градуска чейин суук болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-12-январдагы суукка байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.

XS
SM
MD
LG