Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 05:34

Москвада 5-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор


Жаркынай Юсупова.

Москвада кырсыктын кесепетинен эки буту жана жамбашы сынып, ооруканада жаткан кыздан Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кабар алып, ага жардам көрсөтүү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу элчиликтин өкүлдөрү кабарлашты.

Жаркынай Юсупова 1-январь күнү Москва шаарында өзү жашаган үйдөгү терезенин пардасын оңдоп жатып, 5-кабаттан кулап кеткен. Ал ооруканага жаткырылып, операция жасалган.

Юсупова жаткан О.М. Филатов атындагы шаардык клиникалык оорукананын дарыгери А.Попов жабырлануучунун абалы өтө оор экенин, жамбашта жана белде сыныктар бар экенин элчиликтин кызматкерлерине кабарлаган. Дарыгерлер ошондой эле Жаркынай Юсупованын камсыздандыруу полиси жок болгондуктан, кийинки операциялар өз эсебинен жүргүзүлөрүн билдиришкен.

Юсуповага операция жасаш үчүн 300 миң рубль керек болорун буга чейин жарандык активисттер кабарлап чыгышкан. Алар жабырлануучу каражатты табууга чамасы жетпей турганын айтып, коомчулуктан жардам сурап кайрылышкан. Юсупованы учурда апасы карап жатат.

28 жаштагы Жаркынай Юсупова Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарынан болот. 5-класста окуган жалгыз кызы бар. Ал 2007-жылдан бери Москвага барып келип эмгектенип жүргөн. Акыркы убакта Москвада кыргызстандыктарга таандык кафеде иштеп жаткан. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG