Каракчылык боюнча шек саналган Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин соттук иши 15-январга жылды. Буга мамлекеттик айыптоочулардын иш менен таанышууга убакыт сураганы себеп болду. Бул тууралуу Кадыралиевден жабыркагандардын адвокаты Азисбек Турдалиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Жогорку сот Кадыралиевдин адвокатынын көзөмөл арызын карамак.
- Иш бүгүн Жогорку сотто каралмак. Прокурорлор "иш менен таанышабыз" деп убакыт сурашты. Эмне алар өздөрү козгогон ишти өздөрү билбейби? Атайылап эле создуктуруп жатышат, - деди жактоочу.
2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүмбилемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Учурда ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен эркиндикте жүрөт.
Кадыралиевге иш козголушуна "куралдуу карактоого кабылдым" деген өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин бул ишти экс-президент Алмазбек Атамбаев жеке көзөмөлүнө алган. Жабырлануучулар арадан 4 жыл өтсө да Кадыралиев жоопко тартылбай жатканына нааразы болуп, буга Ак үйдөгү таасирдүү адамдардан кийлигишүүсү себепкер болуп жатканын айтып жүрүшөт.
Буга чейин Октябрь райондук соту ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү чечкен. Кийин жабырлануучулардын жактоочусунун арызынын негизинде шаардык сот бул чечимди бузуп, соттук териштирүүнү улантуу үчүн Октябрь райондук сотуна жөнөткөн.
Канжар Кадыралиев коюлган дооматтарды "жалган" деп четке кагып, өзүнүн ак экенин айтып келет. (UEz)