Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Депутаттар өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуш кылды


Калпак кийген жигит.
Калпак кийген жигит.

Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков калпакты герб, гимн, туу сыяктуу мамлекеттик символдорго теңөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында президент, премьер-министр, спикер жана башка делегация мүчөлөрү ак калпакты чечпей кийишин милдеттендирүү жагы да каралган. Мындай милдеттенме эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга да тийиштүү болот. Демилгечилер мыйзамдын максаты кыргыздын улуттук баш кийимин кастарлоо экенин айтып жатышат.

Буга чейин Бишкектин соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада итке калпак кийгизилгени кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жараткан. Ушундан улам айрым депутаттар иш-чаранын уюштуруучуларын жазага тартып, ак калпакты сактоого үндөшкөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG