Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Кыргызстанда "экстремисттик" деп эсептелген 159 сайт жабылды


ИМ тобуна кошулган тажик полковник Гүлмурод Халимовдун экстремисттик сайттарда тараган сүрөтү. Иллюстрация.
ИМ тобуна кошулган тажик полковник Гүлмурод Халимовдун экстремисттик сайттарда тараган сүрөтү. Иллюстрация.

Экстремисттик, террорчул уюмдарга таандык экени сөз болгон жана ушул багыттагы маалыматтарды тараткан делген 159 сайттын Кыргызстандын аймагында ачылышына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

Сайттардын көбү "Хизб-ут-Тахрир", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу ишмердүүлүгү Кыргызстанда тыюу салынган уюмдарга тиешелүү.

Буга чейин социалдык тармактар жана Интернет боюнча адистер экстремисттик уюмдарга тиешелүү ондогон сайттар тоскоолдуксуз ачылаарын сынга алып чыгышкан болчу. Фейсбук сыяктуу интернеттеги коомдук тармактар аркылуу да барак ачып алып, айдыңдык (секулярдык) демократиялык түзүлүштү кулатып, халифат куруу чакырыктарын кыргыз тилинде жарыялагандар да болгон.

Борбор Азияга террордук, экстремисттик идеяларды жайылткан 500-600дөн ашык ар кандай интернет-сайттар бар экени айтылып жүрөт.

5-январда Президент Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алып, дүйнөдө коомду радикалдаштыруу жана экстремисттик, террорчулук идеяларды таркатуу өнөкөтү күчөгөнүн, бул көрүнүш Кыргызстанга да коркунуч туудуруп жатканын белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG