Орусиянын Москва шаарында киши колдуу болуп өлгөндөрдүн бири, 37 жаштагы Искендер Жолборсов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2015-жылдан бери каттоодо турган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Өлтүрүлгөндөрдүн экинчиси, 37 жаштагы Муратбек Маматалиев бир ай мурда Москвага акча таап келиш үчүн барганы аныкталды. Анын уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси жок.
Канга боёлуп, кыйнап өлтүрүлгөн эки адамдын сөөгү Москванын Жуковский аймагынан табылганы жөнүндө маалымат 8-январда интернетте тараган болчу.
Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү окуя боюнча Москва облустук тергөө комитети "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иш козгогонун маалымдады. Кыргызстандын ИИМи кылмыштын бетин ачыш үчүн Орусиянын күч кызматтары менен чогуу иш алып барып жатышат.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары маркум Искендер Жолборсов “Сакал” аттуу каймана аты бар Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө экендигин жазып чыгышкан. (ErN)