Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Сот Орусиянын "Столичная" арагынын брендин колдонуу укугун тастыктады


"Столичная" жазуусунун кара сызыктар менен чийилген көрүнүшү. 1-август, 2013-жыл.
"Столичная" жазуусунун кара сызыктар менен чийилген көрүнүшү. 1-август, 2013-жыл.

Нидерланддын апелляциялык соту Орусиянын мамлекеттик "Союзплодимпорт" компаниясынын "Столичная" жана "Московская" арактарынын бренддерин колдонуу укугун тастыктады. Соттун чечими менен Люксембургдагы "Spirits International" компаниясы мындай аталыштагы ичимдиктерди чыгарууну токтотууга тийиш. Бирок ал чечим Бельгияга, Нидерландга жана Люксембургга гана тиешелүү.

2015-жылдын март айында Роттердамдын соту Орусиянын бул эки маркага укугун тааныган. Бирок бизнесмен Юрий Шефлердин "Spirits International" компаниясы чечимге каршы апелляциялык арыз берген. Шефлердин айтымында, ал бренддерди колдонуу укугун 1997-жылы 300 миң долларга сатып алган. 2001-жылы арбитраждык сот соода маркаларын мамлекетке кайтарган. Ошол эле жылы ишкер Орусиядан кеткен. "Spirits International" "Столичная" ("Stolichnaya") деген аталышты "Stoli" деп өзгөрткөн. Ал бул марканы Евробиримдиктин 13 өлкөсүндө, АКШ жана Австралияда пайдалануу укугун 10 жылдан ашуун убакыттан бери талашып келатат.

XS
SM
MD
LG