Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Назарбаев жылдык кайрылуусунун кыскача мазмунун айтып чыкты


Нурсултан Назарбаев. 9-декабрь, 2017-жыл.
Нурсултан Назарбаев. 9-декабрь, 2017-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «атайын билдирүү менен» мамлекеттик сыналгы каналдардан чыгып сүйлөдү. Тактап айтканда, президент 10-январда расмий маалымат каражаттарына чыга турган жылдык кайрылуусунун кыскача мазмунун алдын-ала учкай айтып өттү. Анда Назарбаев өлкөнүн дүйнөнүн алдыңкы 30 мамлекетинин катарына кириши үчүн талап кылынган 10 максатты атады.

Мисалы, ал жаңы технологияларды өнүктүрүү, ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, коррупцияга каршы күрөш өңдүү маселелерди сөз кылды.

77 жаштагы Нурсултан Назарбаев салттуу кайрылуулар үчүн түрдүү даталарды тандайт. Мисалы, былтыркыга чейин ал парламенттин алдына чыгып сүйлөп келген.

2017-жылы болсо жылдык кайрылуусу жазуу түрүндө жарык көргөн.

Президенттин басма сөз кызматы жана расмий маалымат каражаттары анын текстин 31-январда жарыялашкан. Анын алдында Назарбаев мамлекет башчынын ыйгарымдарынын бир бөлүгүн парламент менен өкмөттүн ортосунда бөлүштүрүүнү көздөгөнүн айтып, "саясий өткөөл доор башталышы ыктымал" деген түкшүмөлдөргө жем таштаган.

Бирок кийин Казакстандын Конституциясына үстүртөн киргизилген толуктоолор бийлик бөлүштүрүү системасын бир аз гана өзгөрткөн.

XS
SM
MD
LG