Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Вашингтон: Орус элчилигинин жанындагы аянтка Немцовдун ысымы берилет


Борис Немцов.
Борис Немцов.

Вашингтондун шаардык кеңеши Орусия элчилигинин жанында жайгашкан аянтка оппозициялык саясатчы, маркум Борис Немцовдун атын берүү боюнча мыйзам долбоорун бир добуштан колдоду.

Бул тууралуу «Ачык Орусия» кыймылынын жана Немцов атындагы фонддун төрагасы кенже Владимир Кара-Мурза «Азаттык» радиосунун орус кызматына билдирди.

Декабрда Вашингтон шаардык кеңешинин тармактык комитети элчиликтин маңдайындагы көчөгө Немцовдун ысымын ыйгарууну сунуш кылган долбоорду бир добуштан кубаттаганы кабарланган. Эми документ күчүнө кириши үчүн ага шаардын мэри кол коюшу керек. Борис Немцов атындагы аянт АКШнын башкалаасында февралда пайда болушу мүмкүн.

Бир кездердеги вице-премьер-министр, президент Владимир Путиндин сынчысы Немцовду 2015-жылдын февралында Москвада атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG