Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Собчактын штабы опузалуу кат алганын билдирди


Ксения Собчак.
Ксения Собчак.

9-январда Ксения Собчактын Санкт-Петербургдагы штабынын кызматкерлери белгисиз киши "Өлтүр. Же. Кайтала" деп жазылган кат таштап кеткенин билдиришип, полицияга кайрылышты.

Штабдын координатору Николай Артеменконун «Новая газета» басылмасына билдиргени боюнча, кат Пелевин менен Кастанеданын китептери салынган баштыкта болгон. Аны алып келген адам: "Биз баарыңарды чыгарабыз" деп айтып, имараттын дубалына антисемиттик сөздөрдү жазган.

Полиция бул окуяны штаб кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч катары баалоого болбой турганын маалымдоодо.

Теле алып баруучу Ксения Собчак декабрдын соңунда президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган. Ал өзү «баарына каршы» талапкер экенин айткан. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Собчактын талапкер катары көрсөтүлүшүнө президенттик администрациянын тиешеси бар экенин жазып чыгышкан. Бирок алып баруучу бул маалыматтарды четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG