Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

БШК добуш сатып алууга каршы сунуштарын даярдап жатат


Президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт маалында добуш сатып алууга жана жалган маалымат таратууга каршы натыйжалуу аракеттенүү максатында административдик жана кылмыш жоопкерчилиги боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.

Шайлдабекова шайлоо мыйзамдарында кемчиликтер бар экенин, талапкерлердин жана партиялардын каржылоо булагын ачыкка чыгаруу жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча да өзгөртүүлөр керек экенин белгиледи.

Мамлекет башчы Кыргызстандагы соңку президенттик шайлоо таза, мыйзам чегинде өткөнүн айтып, бирок шайлоо процессине акчанын таасири тийгенин кошумчалады. Буга байланыштуу ал шайлоо учурунда бардык талапкерлер үчүн каражатына карабастан бирдей шарт жана мүмкүнчүлүк түзүү максатында шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу керек экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков былтыр 15-октябрда президент болуп шайланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG