Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Момбеков: Күздөн бери вице-премьер шайлай берип башыбыз айланды


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өкмөт башчынын орун басарлык кызматында отургандардын саны ашыкча экенин айтууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев "төрт вице-премьерлик кызматтын кереги жок" деген пикирин билдирди.

Ал эми ошол эле фракциянын өкүлү, депутат Рыскелди Момбеков вице-премьерлик кызматка келип-кеткендер көп болуп жатканын сындады:

- Биз күздөн бери эле жалаң вицелерди шайлап келе жатабыз. Бири жылып кетет, бири жыдып, бири басып, бири качып кетет. Эл эмес, биздин да башыбыз айланып калды.

Бүгүн парламентте экономика маселелери боюнча вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлиги талкууланып, жактырылды. Аны депутаттарга биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев сунуш кылды.

Шадиев депутаттардын сынына жооп берип өкмөттө жумуш көп экенин, төрт вице-премьердин болгону туура экенин айтты.

Ал Чолпон Султанбекова социалдык маселелерди тейлеп жатканын, аймактар, өзгөчө кырдаалдар жана чек аралар боюнча вице-премьер Дайыр Кенекеев экенин, реалдуу багыт боюнча өзү иштеп жатканын, ал эми укук коргоо жаатын өкмөт башчы тейлерин айтып берди. (RK)

XS
SM
MD
LG