Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:09

Казакстан Кыргызстандын кондитердик ишканаларына киргизген чектөөсүн кайра жойду


Астана шаары.
Астана шаары.

Казакстан Кыргызстандагы кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын өндүрүмдөрүн өз аймагына киргизүүгө койгон убактылуу чектөөсүн кайра алды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланды.

Министрликтин коомдук ден соолукту коргоо комитетинин билдирүүсү боюнча, чектөөнү алып салууга Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргызстандагы кондитердик ишканаларга көзөмөлдү күчөткөнү негиз болгон. Алардын ичинде “Куликовский” ишканасына өзгөчө күчөтүлгөн көзөмөл болуп жатканы ушундай чечимге түрткү берген.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентине ылайык кыргызстандык азык-түлүктөргө лабораториялык изилдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы да аларга чектөөнү алып салууга түрткү болгонун белгилейт.

Сайтта жазылгандай, эми Кыргызстандын кондитердик ишканалары азык-түлүгүн Казакстанга ташып келип сата берсе болот, бирок дагы үч айга чейин лабораториялык көзөмөлгө алынып турат.

Казакстан былтыр 10-октябрда Кыргызстан менен чек арасында текшерүүлөрдү күчөткөндөн көп өтпөй кыргызстандык сүт жана кондитердик азыктарын чыгарган беш компаниянын өндүрүмдөрүнө чектөө киргизген. Алардын арасында “Ак-Сүт", "Риха", "Куликовский" жана "Эмилия" ишканалары бар экени белгилүү болгон. Коңшу өлкө мындай чечимин Кыргызстандан талапка туура келбеген өндүрүм кирип жатканы менен түшүндүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG