Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:36

Жол кырсыгынан каза тапкан милиционердин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү


Акчалай жардам маркум милиционердин атасына тапшырылды.

Жалал-Абадда жол кырсыгынан каза тапкан милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө кесиптештери материалдык жардам көрсөтүштү. Облустук милициянын башчысы Акылбек Мамасеитов бүгүн Түгөлбай уулу Нургазынын балдарынан кабар алып, облустук ички иштер башкармалыгынын атынан 205 миң, Токтогул райондук милициясынан 71 миң сом акчалай жардам тапшырды. Маркумдун артында калган кыздары Айпери, Мээрим, Сайкал жана уулу Элмырза ички иштер органдарынын камкордугуна алынарын билдирди.

Былтыр 16-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районунда жайгашкан 299-чакырымында эки автомашина кагылышкан. Бул жол кырсыгынан 10 адам жабыркап, 7 адам каза болгон.

Набыт кеткендердин арасында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Түгөлбай уулу Нургазы жана анын келинчеги, кызы, бешиктеги ымыркай баласы да бар болчу. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG