Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Бишкекте туура эмес жерге коюлган автоунааларды эвакуациялоо башталды


Автоунааны эвакуациялоо учуру. Бишкек.
Автоунааны эвакуациялоо учуру. Бишкек.

Бишкек шаарында уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо кайра башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Азаттыкка” кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, автоунааларды мажбурлап ташып кетүү кызматын тендерден утуп алган «Портал групп» фирмасы ишке ашырат. Бир автоунааны эвакуациялоонун чыгымы 1350 сомду түзөт жана бул сумманы эреже бузган транспорт ээси төлөйт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы автоунаа токтотууга уруксат берилбеген жайларга жана жол четине «Эвакуатор» (7.21) белгиси коюларын, ал көбүнчө тыгын көп орун алган көчөлөрдө, кээ бир соода жайларынын алдында, жөө өтмөктөрдүн тегерегинде болоорун эскертет.

Бишкек шаарында туура эмес жерге коюлган автоунааларды эвакуациялоо 2015-жылы башталган. Келишим түзүлгөн “Аргымак” жеке фирмасынын унаа жүктөөчү атайын техникасынын жетишсиздигине байланыштуу бул иш кийин токтоп калган. Фирма менен келишим жокко чыгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG