Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

11-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


"Тазалык" ишканасынын жумушчулары.
"Тазалык" ишканасынын жумушчулары.

11-январда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз маал-маалы менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1;

Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3;

Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26...-31, күндүз -9...-14;

​Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° суук болот, кэчкээ жакын -5° суукка чейин төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG