Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүндөгү орфографиялык катанын себебин түшүндүрдү.
Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, жаңы паспорт тартылган сүрөттөрдүн биринде ката сөз атайын жазылган. "Бул коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жасалган аракет болгон" дейт Мамлекеттик каттоо кызматы.
Мамкаттоо жалпы жарандык паспорт эми жаңы үлгүдө чыга баштай турганын кабарлап, эскиздердин сүрөтүн жарыялаган. Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары алардын биринде “дипломаттык” деген сөздө “л” тамгасы түшүп калганын жазып чыгышкан.
Мекеме жаңы паспорттор быйыл жыл аягына чейин чыгарыла баштаарын, бул үчүн атайын жабдуу ишке киргенин, ал бир саатта 300 паспорт басып чыгара алаарын кабарлаган.
Кыргызстанда жарандарга өлкө ичинде пайдаланууга ID карта берилет, ал эми чет жакка чыгыш үчүн жалпы жарандык же кызматтык, дипломаттык паспорт талап кылынат. (RK)