АКШнын президенти Доналд Трамп Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен 16-январда Вашинтондо жолугарын Ак үй маалымдайт.
Ак үйдүн 9-январдагы билдирүүсүндө эки лидер “регионалдык коопсуздук жана экономикалык кызматташтык боюнча стратегиялык өнөктүштүктү өркүндөтүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашары” айтылат.
Улуттар Уюмундагы Казакстандын элчиси Кайрат Умаров 1-январдан тартып БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык мөөнөтүн баштады. Коопсуздук кеңеши Ирандагы көчө нааразылыктары баш болгон башка да маселелерди талкуулады.
Президенттер Ооганстандагы согушту жөнгө салуу сыяктуу эл аралык маселелерди дагы талкуулашат. Ошондой эле өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгын сүйлөшүшөт.