Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Окуу жылын 10-сентябрда баштоо боюнча элдин пикири изилденет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда окуу жылын 10-сентябрда баштоо демилгесине карата элдин пикири изилденет. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жакында “Эл пикир” борбору мугалимдер, ата-энелер жана билим берүү тармагындагы адистер арасында сурамжылоо жүргүзөт.

Окуу жылын 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда баштоо жөнүндө былтыр Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы демилге көтөргөн. Мындай сунуш Кыргызстандын климаттык өзгөчөлүктөрүнө жараша туристтерди тейлөө мөөнөтүн узартуу, балдардын эс алуусуна да көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү аракети менен түшүндүрүлгөн.

Министрлик окуу 15-сентябрда эмес, 10-сентябрда башталса окуу планы өзгөрүүсүз каларын, мугалимдердин маянасы кыскарбай тургандыгын билдирүүдө.

Акыркы чечим ушул социологиялык иликтөөнүн натыйжасын эске алуу менен кабыл алынат.

Кыргызстанда мектепти жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт. Мектептердин саны 2207, окуучулар 1 млн. 27 миң бала. (RK)

XS
SM
MD
LG