Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Эрдоган АКШнын прокурорлорун “саясий кутум аракети” үчүн айыптады


Президент Режеп Тайип Эрдоган.
Президент Режеп Тайип Эрдоган.

Президент Режеп Тайип Эрдоган америкалык прокурорлордун "АКШнын Иранга каршы киргизген санкцияларын бузган" деп түркиялык банкирге кине коюшун түрк өкмөтүнө каршы “саясий кутум аракети” деп баалады.

9-январда башкаруучу “Адилет жана өнүгүү” партиясына кайрылып жатып, Эрдоган "түрк өкмөтүнүн беделин түшүрүш үчүн АКШда Борбордук чалгындоо башкармалыгы менен Федералдык иликтөө бюросу Түркиянын "Халкбанкынын" аткаруучу директору Хакан Атиллага каршы иш козгошту" деп айтты.

Нью-Йоркто өткөн Атилланын сотунда прокурорлор менен күбөлөр "Халкбанк" менен түрк өкмөтүнүн аткаминерлери Ирандын мунайдан тапкан 1 миллиард доллар кирешесин АКШнын банктары аркылуу санкцияларга карабай жашыруун өткөрүп кеткенин айтышкан.

АКШ өкмөтүнүн негизги күбөлөрүнүн бири ушундай системаны түзүүгө Эрдоган өзү катышканын айтып берген. Эрдоган болсо андай дооматты четке каккан жана прокурорлор ага айып тага алышкан эмес.

Эрдоган баштаган түрк бийлик өкүлдөрү АКШнын прокурорлоруна "Түркиянын душмандары" жардам бергенин бир нече ирет кайталашкан. Анкара "душмандар” деп 2016-жылы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштүн артында турганы сөз болгон, АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет.

АКШ прокурорлору болсо мунун “суу кечпеген” айыптоо экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG