Франциянын президенти Эммануэл Макрон Кытайдагы мамлекеттик иш сапарын жыйынтыктады. Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушууда тараптар узак мөөнөттү стратегиялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү тууралуу макулдашты.
Кечээки сүйлөшүүлөрдөн кийинки брифингде Макрон "Европа Кытай менен соода маселесинде көбүрөөк координацияга муктаж" деди. Иш сапарынын алдында француз лидери Кытай менен соода таңкыстыгын кыскартууга аракет кылары айтылып келген.
Си Цзинпин болсо Франциянын европалык интеграциядагы маанилүү ролун кубаттады. Иш сапарынын жүрүшүндө франциялык "Эйрбас" компаниясынын учактарын Кытайга сатуу боюнча меморандумга кол коюлду. Кетээрде Макрон Бээжинде климаттын өзгөрүшү боюнча форумга катышты.
Француз президентин бул сапарында жоон топ ишкерлер коштоп жүрдү.