Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

Казакстан Кыргызстандан бараткан 30 тонна курманы артка кайтарды


Курма. Иллюстрациялык сүрөт.
Курма. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан Кыргызстандан бараткан 30 тонна курманы "фитосанитардык нормаларга туура келбейт" деген аныктама менен чек арадан өткөрбөй, артка кайтарды. Бул тууралуу маалымат Казакстандын Айыл чарба министрлигинин сайтында жарыяланды.

Анда жазылгандарга караганда, тропикалык жемиштин бул түрүнөн карантинге киргизилген "комстока" деген курттар табылган.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги муну менен катар Кытайдын 18 дан өндүрүмүн (сулу лапылдагы), жарым тонна жыгач күкүмүн фитосанитардык сертификаты жок болгону үчүн артка кайтарган.

Бүгүн эртең менен Казакстан Кыргызстандагы кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын өндүрүмдөрүн өз аймагына киргизүүгө койгон убактылуу чектөөсүн кайра алган болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG