Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Молдова Орусиянын теле-радио берүүлөрүнө тыюу салды


Молдова парламентинин төрагасы Андриан Канду.
Молдова парламентинин төрагасы Андриан Канду.

Орусиянын теле-радио жаңылыктар программасына тыюу салган мыйзамга Молдова парламентинин төрагасы Андриан Канду кол койду. "Чет элдик үгүткө каршы күрөш жөнүндө" мыйзамды эки сыйра артка кайтарганы үчүн өлкөнүн президенти Игорь Додондун ыйгарым укуктарын Конституциялык сот ушул айдын башында убактылуу токтоткон.

Жаңы мыйзам боюнча Молдовада Европа конвенциясына кошулбаган өлкөлөрдө чыгарылган маалымат-аналитикалык, аскердик жана саясий программаларды көрсөтүүгө тыюу салынат. Ал конвенцияга кошулбаган өлкөлөргө Орусия да кирет. Молдовада Орусиянын көңүл ачуучу жана башка жеңил программаларын алып көрсөтүүгө уруксат берилет.

Мыйзамды бузгандарга эки миңден төрт миң еврого чейин айыппул салынып, лицензиясы жокко чыгарылат.

Орусиянын Федерациялар кеңеши Кишиневдун мындай аракетин «бузуку жана туура эмес» кадам катары баалады.

XS
SM
MD
LG