Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Укук коргоочулар Чеченстанда активисттин “уурдалышын” айыптады


Оюб Титиев.
Оюб Титиев.

Укук коргоочу топтор Чеченстандагы таанымал активисттин “маңзат ташып бараткан” деген шек менен кармалганын атайын уюштурулган иш деп, анын тезинен бошотулушун талап кылышты.

10-январда Москвада жайгашкан Кыйноолорду алдын алуу комитети билдирүү таратып, анда Оюб Титиевдин камалышын “уурдоо” деп баалап, Орусиянын Конституциясы жана башка мыйзамдар боюнча анын укуктары одоно бузулуп жатканын билдирет.

Орусиядагы таасирдүү “Мемориал” укук коргоо борборунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Оюб Титиев 9-январда белгиленген жолугушууга келе албай калгандан кийин адам укугун коргоочулар аны издей башташкан.

Андан соң чечен жумуриятынын бийлиги активист машинесине 180 грамм “кара куурай жыттанган зат” салып баратканда кармалганын билдирген.

Титиев өзү андай айыпты четке кагууда. Укук коргоочулар Чеченстанда коопсуздук күчтөрү бийликке сын айткандарды “маңзат менен кармаган” учурлар көп колдонуларын эскертишет.

Титиев Чеченстандагы “Мемориал» уюмунун өкүлчүлүгүн 2009-жылы Наталья Эстемирова киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөн тарта жетектейт.

XS
SM
MD
LG