Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Нарын: хоккей боюнча эл аралык мелдеште орусиялыктар утту


Нарындагы хоккей мелдешинин катышуучулары. 10-январь, 2018-жыл.
Нарындагы хоккей мелдешинин катышуучулары. 10-январь, 2018-жыл.

Нарын шаарында ардагер хоккейчилер арасында өткөн эл аралык мелдеште Орусиянын Челябинск шаарынын командасы жеңип алды.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыповдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, 9-январда башталган мелдештер 10-январда аяктады.

Ага Орусиянын Челябинск, Казакстандын Алматы шаарынан жана Кыргызстандан 40 жаштан жогорку курактагы оюнчулардан куралган төрт команда катышты.

Оюндар Нарын шаарынын түзүлгөндүгүнүн 150 жылдыгына арналган. Ардагер спортчулардын мындай эл аралык беттеши Нарында алгачкы жолу уюштурулду. (MiK)

XS
SM
MD
LG