Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Кыргызстанда бир жылда 52 жаңы фильм көрүүчүлөргө тартууланды


Бишкек. Кинотасмалардын афишалары.
Бишкек. Кинотасмалардын афишалары.

Кыргызстанда былтыр 77 жаңы фильмдин бет ачары болду. Анын элүү экиси - кыргызстандык режиссерлордун тасмалары.

Бул тууралуу Кинематография департаменти “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, кыргыз тасмаларынын ичинен Руслан Акундун "Апамды издейм" мелодрамасы, Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тарыхый тасмасы жана Актан Арым Кубаттын "Кентавр" фильми ийгилик жаратууда.

Быйыл январдан тартып эле башкалаадагы кинотеатрларда бет ачары өтө турган жаңы тасмалардын узун кезеги пайда болгон. Алар июнь айына чейинки кезекти ээлеп коюшкан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы жылдарда өлкөдө кинотеатрлар да көбөйгөн. Мурун жалпысынан 32 кинотеатр болсо, азыр 50гө жеткен. Айылда ачылган кинотеатрлар да бар.(ZA)

XS
SM
MD
LG