Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Москвада Путиндин шайлоо штабы ачылды


Путинди колдош үчүн кол топтоо.
Путинди колдош үчүн кол топтоо.

Төртүнчү жолу Орусиянын президенти болууга талапкерлигин көрсөткөн Владимир Путиндин шайлоо штабы Москвада ачылды.

Штабдын тең төрагалары болуп “Сириус” балдар борборунун жетекчиси Елена Шмелева, "Камаз" компаниясынын башкы директору Сергей Когогин жана Балдар онкология борборунун директору Александр Румянцев дайындалды. Штабдын маалымат катчысы – “Крым. Мекенге карай жол” тасмасынын автору, ВГТРКнын журналисти Андрей Кондрашов.

Шаршембиде Путин штабга келип, ыктыярчылар менен сүйлөштү.

Путиндин талапкерлигин колдош үчүн кол топтоо штаб ачылганга чейин эле башталган. Бул ишти студенттерден турган “Орусия ыктыярчылары” уюмунун активисттери жүргүзүп жатат. Алар январдын аягына чейин 300 миң кол топтошу керек.

Ал арада Орусиянын ар кыл аймактарынан кол топтоо учурунда административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтар келип жатат.

"Путин штабдын тең төрагалары менен жолугушуу учурунда колду "мыйзам бузбай" топтоону өтүндү" деп жазды "Интерфакс".

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартта болот.

XS
SM
MD
LG