Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова жүрөгү ооруп, ооруканага жатканына байланыштуу бүгүнкү соттук териштирүүгө келе албайт. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан жараян саат 10го белгиленген.
Жакупбекова буга чейин Салянова жүрөк кемтиги оорусуна байланыштуу Чүй облустук бейтапканасында дарыланаарын кабарлаган.
Шаардык сот 9-январда ишти кароону улантып, бирок депутат келе алган эмес. Адвокаттар анын саламаттыгына байланыштуу отурумду жылдырууну өтүнүшкөн. Судья Ирина Воронцова Салянованын оорусунан күмөн санап, аны сотко мажбурлап алып келүү аракети болорун айткан.
10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Эгерде чечим өзгөрбөсө, депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт.
Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. (NT)