Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Өкмөт жол коопсуздугун талкуулады


Өкмөт башчы катышкан жыйын.
Өкмөт башчы катышкан жыйын.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча премьер-министр Сапар Исаков баштаган комиссиянын жыйынында жол кырсыктарынын алдын алуу, трассадагы коррупцияны азайтуу, жол коопсуздук кызматкерлеринин ишин автоматташтыруу жана күчөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков жол коопсуздугун караган кызматкерлерди планшет менен камсыз кылуу боюнча буга чейин өзү сунуш кылган пилоттук долбоор жазында толук ишке кирерин белгиледи. Ал планшеттердеги маалымат базасында айдоочу, автоунаа, жол эрежеси бузулган учурлар, төлөнгөн жана төлөнбөгөн айыппулдар тууралуу маалыматтар сакталарын айтты:

- Айдоочулар жол эрежесин бузган учурларды каттоочу автоматташтырылган система коррупцияны жоюуга жардам берет. Ал өз кезегинде жол кырсыгын азайтып, жол коопсуздугун жана жол инфраструктурасын жакшыртып, бюджеттин толукталышына, айдоо маданиятын көтөрүүгө жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө мүмкүндүк берет, – деди Сапар Исаков.

Анын айтымында, азыр мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, ошондой эле ал тиркемени башка тийиштүү мамлекеттик органдардын системасына жалгаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев 2018-жылдын 9-январынан тартып туура эмес жерде турган унаалардын дөңгөлөктөрүнө блокатор коюу, транспортук каражаттарды күчтөп эвакуациялоо боюнча иштер башталганын билдирди.

Өкмөт билдиргендей, жыйында жолдорду жана көчөлөрдү жарыктандыруу, жол белгилерин коюу, светофорлорду орнотуу, жолдорду оңдоо маселелери да каралды.

Премьер-министр комиссиянын жыйындары үзгүлтүктүз өткөрүлүп турарын, анын отурумдарында жол кыймыл коопсуздугун жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын маанилүү долбоорлору караларын белгиледи. (ErN)

XS
SM
MD
LG