Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

Өзгөндө 5 миңден ашуун үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, бул багытта жасалып жаткан иштер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматын угуп, парламенттик саат өткөрүүнү сунуш кылды. Эл өкүлүнүн айтымында, 2017-жылы көчкү катталган Өзгөн районунда 5 миң үй-бүлө кооптуу жайда жашап жатат.

- Түшүндүрүү иштери, телеканалдардан берилген маалыматтар адамдын өмүрүн сактап калууга канчалык жардамын берип жатат? Мындан сырткары, бак-дарактарды отургузуу да өтө маанилүү. Ошондуктан былтыркы жылдын жыйынтыгы, быйылкы пландар боюнча маалымат беришсе. Жаз жакындап келетат, алдын-ала аракет кылыш керек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2017-жылы 325 жаратылыш кырсыгы болуп, андан 141 киши каза болгон. Булардын ичинен кар көчкү, жер көчкүлөр 45 өмүрдү жалмаса, өрттүн айынан беш киши көз жумган.

Ири табият кырсыгы 2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында катталган. Анда жер көчкү жети үйдү басып калган. Көчкүнүн алдында калган алты үйдөн 24 киши каза болгон. Алардын тогузу балдар болчу. (KE)

XS
SM
MD
LG