Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:02

Санжар Муканбетов вице-премьер-министр болуп дайындалды


Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Санжар Муканбетов Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети, кийин жалпы парламент вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин колдогон. Аны депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырган.

Муканбетов буга чейин Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жетектечү. Ал Улуттук банктын жетекчиси болуп дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна көрсөтүлүүдө. Муканбетов экономикалык блокту, банктарды, киреше-чыгаша маселелерин көзөмөлдөйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG