Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:47

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Астана шаарынын мэри Асет Исекешев калаада өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы мэриянын маалымат бөлүмүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, ишкердик пункттардын, базарлардын жана мекемелердин ишин токтотууга кеңеш берилди. Ал эми өрт өчүрүүчү, полиция, өзгөчө кырдаалдар, медициналык мекемелер, тез жардам жана коммуналдык багыттагы кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Бороон-чапкындан улам бүгүн эртең менен Астанадагы “Нурсултан Назарбаев” атындагы эл аралык аэропорт жабылган эле. Андан тышкары, мектептерде жана окуу жайлардын 1-2-курсунун студенттери үчүн окуу токтотулган.

Аба ырайынын начарлашынан улам Казакстандын Караганды шаарында да мектептер жабылды. Өлкөнүн төрт аймагында автожолдорго да чектөө киргизилди. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG