Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов Кыргызстандын убактысын бир саат артка жылдырууну сунуш кылды. Ал эртең менен окуучулар үрөң-бараңда мектепке жөнөп, кыйналып жатышканын айтты.

- Саат мурда жылып турчу эле, азыр сезонго карап жылбай калды. Балдар эртең менен караңгыда саат 7де туруп кетип жатат, бара турган жерине. Коопсуздук үчүн убакытты бир саатка артка жылдырсак туура болот эле. Өзбекстандыкы бир саат артта. Бизде да ошондой болсо балдар бир аз болсо да жарыкта чыгып барат эле.

Кыргызстан саатты жылдыруудан 2006-жылы баш тарткан. Ага чейин жайкы жана кышкы мезгилге өтүү алдында ар бир жылдын октябрь жана март айларында саат артка жана алдыга жылдырылып турчу. Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистан да саатты жылдырбайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG