Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

“Акылдуу шаар” долбоорун Кытайдын "Huawei" компаниясы ишке ашырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге бүгүн, 11-январда Өкмөт үйүндө кол коюлат. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Тараптар талаштуу деп эсептелип жүргөн маселелер боюнча бир пикирге келишти. Кыргыз тараптан долбоор үчүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жооптуу болот.

Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу бир топ жылдан бери айтылып жүрөт. Бирок бул долбоордун айланасында сот иштери болуп, ал ишке ашпай калган. Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулат. Аны ишке ашырууга болжол менен 43 миллион доллар жумшала тургандыгы айтылган.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. Программанын алкагында “Коопсуз шаардын” ордуна “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG