Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Алай районунда бир адам жардан кулап каза болду


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө айыл аймагынын Жар-Кыштак айылында 40 жаштагы П. Т. аттуу жергиликтүү тургун жардан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 11-январда 13:30да болгон. Маркум Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну экени, кулап кеткен учурда мас абалда болгону аныкталды.

ӨКМдин Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG