Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 21:05

Австралияда Элвис Преслиге арналган фестиваль башталды


Элвис Пресли АКШ армиясынын формасында. 1958-жылы тартылган сүрөт.

Австралияда "рок-н-роллдун падышасы" Элвис Преслиге арналган фестиваль башталды. Бүгүн маркум ырчынын ысымын алып жүргөн поезд Сиднейден Паркска жөнөп кетти.

Ушуну менен 26-ирет өткөрүлүп жаткан музыка майрамы быйыл «Элвис» деген телеконцерттин 50 жылдыгына арналууда. Фильм 1968-жылы Пресли бир нече убакыттан кийин карьерасын улантып, сахнага кайтып келгенде тартылган.

Төрт күнгө созулган иш-чара маалында адатта 25 миң тургуну бар шаардын калкы эки эсе көбөйөт. Калаада көчө жарманкелери, сынактар, жүрүштөр, машина параддары, Элвис Преслиге байланышы бар артефакттардын көргөзмөлөрү уюштурулат. Даңазалуу ырчыга арналган түрдүү концерттер өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG