Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Калифорниядагы жер көчкүдө 17 киши набыт болду


Монтесито шаарчасындагы куткаруучулар, 10.01.2018
Монтесито шаарчасындагы куткаруучулар, 10.01.2018

Калифорниядагы табигый кырсык болгон жерде иштеп жаткан куткаруучулар океандын жээгиндеги Монтесито шаарчасын жер көчкү басып, бери дегенде 17 кишинин өмүрү кыйылып, сегизи дайынсыз экенин билдирет.

Санта Барбаранын аймактык бийлигинин маалымат катчысы Амбер Андерсон өлгөндөрдүн саны 17ге жеткенин бейшембиде ырастады.

Бери дегенде 28 киши жараат алып, анын 12си ооруканага жаткырылды, төртөөнүн абалы оор деп бааланды.

500гө чукул куткаруучу аскерий тик учактардын жана башка жабдыктардын жардамы менен кырсык болгон аймакта иштеп жатышат. Атайын үйрөтүлгөн иттер адамдарды издөөгө көмөктөшүүдө. 59 үй ылайдын алдында калса, дагы 300дөй үй бузулду.

9-январдын таңында Лос Анжелестин түндүк батышындагы Монтесито шаарчасын көчкү баскан. Шаарчада тогуз миңдей тургун бар, таанымал тележылдыз Опра Уинфри да ушул жерде жашайт.

XS
SM
MD
LG